Сот Аскат Жетигенди үч жылга кескен өкүмдү өзгөрткөн жок

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкек шаардык соту акын жана активист Аскат Жетигенди үч жылга абакка кескен райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды. Бийликти басып алууга чакырык жасады деп айыпталган акын жети айдан бери камакта отурат. Аскат Жетиген шаардык соттун чечиминен кийин судья "бийликтин буйругун аткарып жатканын" билдирди. Ал эми ишке катышып жаткан прокурор акындын күнөөсү толугу менен далилденген деп эсептейт.