Өкмөт Чүйгө 4,2 млрд долларга “Манас” соода-логистикалык шаары куруларын билдирди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь.

Өкмөт Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусунун Аламүдүн районунда “Манас” соода-логистикалык шаарынын курулушуна капсула салуу иш-чарасына катышканын билдирди. Ага Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь да катышты.

Акылбек Жапаров 700 гектар жерге жайгашкан шаарда 30 миң соода оруну түзүлүп, аны курууга 4,2 млрд доллар каражат сарпталарын айтты. Биринчи баскычта 700 млн доллар инвестиция салынат.

Министрлер кабинетинин төрагасы “Манас” соода-логистикалык шаары заманбап логистикалык борбор гана эмес, инвестициялык ишмердүүлүк үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачкан долбоор экенин айтууда. (BTo)

Дагы караңыз

Ата-энесин бакпагандарды жазалоо мыйзамы парламентте колдоо таптыИИМ Нурлан Мотуевге эскертүү бердиИзраил Ливанда "Хезболлага" каршы чабуулу уланганын билдирди Шаардык сот Аскат Жетигенди абакка кескен өкүмдү күчүндө калтырдыБайден Украинага коопсуздук үчүн 425 миллион доллар бөлүнөрүн жарыяладыОрус полициясынын колунда каза болгон активист катуу сабалганы аныкталды