Байден Украинага коопсуздук үчүн 425 миллион доллар бөлүнөрүн жарыялады

Владимир Зеленский жана Жо Байден.

АКШ президенти Жо Байден Украинанын коопсуздугу үчүн 425 миллион доллар бөлүнөрүн жарыялады. Бул тууралуу Ак үй билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 16-октябрда Байден украин президенти Владимир Зеленский менен телефондон сүйлөшүп, өзүнүн кызмат мөөнөтү аяктаганга чейин Украинага жардамды көбөйтүү аракетин көрөрүн билдирди.

425 миллион долларга абадан коргонуу үчүн кошумча каражаттар, ок-дары, брондолгон техника жана башка чукул жардам жөнөтүлөт.

Андан мурдараак мамлекеттик катчы Энтони Блинкен Пентагондун запастарынан бериле турган кезектеги жардамдын ичинде NASAMS зениттик-ракеталык системалардын ок-дарысы, абадан коргонуу үчүн RIM-7 ракеталары, Stinger зениттик ракеталары, HIMARS ракеталык системаларынын ок-дарысы, кассеталык ок-дары, танкка каршы Javelin системалары жана башка техника бар экенин айткан.

2022-жылдын февралынан бери Орусиянын толук масштабдуу агрессиясына каршы согушуп келе жаткан Украинага АКШ бүгүнкү күнгө чейин аскердик жардам иретинде жалпысынан 61 миллиард доллар бөлдү. (RK)

Дагы караңыз

Орус полициясынын колунда каза болгон активист катуу сабалганы аныкталдыИИМ: Сегиз айда жарандар 903 млн сомун шылуундарга алдырганФейсбуктагы посту үчүн кармалган дөңгөлөк желимдөөчүгө айып пул салындыФинчалгын кызматы бир коммерциялык банкка 440 миң сом айып салды