Аба ырайы: Күн ачык болот

Иллюстрациялык сүрөт.

18-октябрда түнкүсүн жана эртең менен Чүй облусунун өрөөндөрүндө жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде үшүк жүрөт. Мындай үшүк мөмө жана жашылча-жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картөшкө үчүн коркунучтуу.

Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

18-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт.

Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түнкүсүн айрым жерлеринде туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6 (0…-2), күндүз 9…14

Таласта түнкүсүн -2…+3, күндүз 8…13

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 7…12

Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 6…11

Бишкек шаарында ала булут каптап турат, жаан-чачын жаабайт . Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2°, күндүз 12…14° жылуу болот.

Дагы караңыз

ИИМ: Сегиз айда жарандар 903 млн сомун шылуундарга алдырганФейсбуктагы посту үчүн кармалган дөңгөлөк желимдөөчүгө айып пул салындыФинчалгын кызматы бир коммерциялык банкка 440 миң сом айып салдыБеларуста мурдагы күч кызматкеринин соту өтүүдө