ӨКМ Ысык-Көл облусунда жер титирегенин билдирди

Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Сейсмология институтуна шилтеме берип, 17-октябрда таңкы саат 04:23тө Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 5,1 магнитудасына жеткен жер титирөө болгонун билдирди.

Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Бедел, Ыштык айылдарында 4 балл, Кумтөр ишканасында 3 балл Каракол шаарында 2,5 баллга (Бедел айылынан 138 чакырым түштүк чыгышта, Каракол шаарынан 145 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок.

Быйыл Кытайдын аймагында 23-январга караган түнү күчү 8 баллга жеткен жер титирөө болуп, анын толкуну Казакстанда жана Кыргызстанда да катуу сезилген. (BTo)

Дагы караңыз

Чаткалда кар көчкү басып калган алты адамды издөөгө 20 куткаруучу тартылдыФейсбуктагы посту үчүн кармалган дөңгөлөк желимдөөчүгө айып пул салындыКыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу автоунаалар узун кезекте туратИИМ экстремисттик материалдарды сактагандарды да жоопко тартууну сунуштады16-октябрь: Орусиядагы мигранттар көйгөйү көтөрүлдү, Казакстан БРИКС уюмуна кошулууну көздөбөйт