Фейсбуктагы посту үчүн кармалган дөңгөлөк желимдөөчүгө айып пул салынды

Иллюстрациялык сүрөт.

Фейсбуктагы посту үчүн айыпталган Тариел Ботбаевге Чүй облусунун Аламүдун райондук соту 26-сентябрда өкүм чыгарды. Бул тууралуу "Азаттыкка" райондук соттун басма сөз кызматы 16-октябрда билдирди.

Маалыматка караганда, соттун чечими менен ага 120 миң сом айып пул салынган.

Ботбаев Кылмыш-жаза кодексинин 37- (Кылмыш жасоого аракеттенүү), 327-(Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) жана 330-(Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) беренелери менен күнөөлүү деп табылган.

Тариел Ботбаевди 17-майда Аламүдүн райондук милиция кызматкерлери үйүнөн кармап кеткен.

Анын жакындары Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылында дөңгөлөк желимдөөчү жайда иштерин, саясатты түшүнбөгөн карапайым жумушчу экенин айтып чыккан. Ошондой эле соцтармакта сүрөттөр менен афоризмдерди жазып койгону үчүн айыпталганын билдирген.

Ботбаевдин окуясы боюнча күч органдары комментарий берген эмес.

Кыргызстанда социалдык тармактын колдонуучулары жарыялаган билдирүүлөрү үчүн ар кандай айып менен камакка алынган окуялар катталып жатат. (MKt)

Дагы караңыз

ИИМ экстремисттик материалдарды сактагандарды да жоопко тартууну сунуштадыКыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу автоунаалар узун кезекте туратЧаткалда эки күн мурда кар басып калганы айтылган алты адам изделип жатат