Кыргыз өкмөтү кийинки жылы бирдиктүү салык декларациясын жоюуну көздөп жатат

Ишкерлерди колдоо борбору. Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

2025-жылы Кыргызстанда бирдиктүү салык декларациясынын жоюлушу күтүлүүдө.

Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов "Азаттыкка" курган маегинде билдирди. Анын маалыматына ылайык, учурда өкмөттө жарандарды бирдиктүү салык декларациясынан бошотуу маселеси каралып жатат. Эгерде талдоолор мунун жакшы жактары басымдуулук кыларын көрсөтсө, анда декларациялоодон толугу менен баш тартуу чечими кабыл алынышы ыктымал.

“Себеби бизде фискалдаштыруу кирип, ансыз деле сиздин үйүңүз, кандай унааңыз бар экендиги, айлык-маяналарыңыздын баарын көрүп аткандан соң, мүлктү декларациялоо өзүнөн-өзү кереги жок болуп калат. Биз азыр ушунун үстүнөн иштеп жатабыз. Менимче, кийинки жылдын негизги жеңилдиги ушул болот го деп ойлойм”, - деди Алтынбек Абдувапов.

Бирдиктүү салык декларациясы – бул салык отчеттуулугу. Анын максаты субъекттин салыктык милдеттенмелерин эсептөөгө тийиш болгон экономикалык ишмердиги, кирешелери, чыгашалары жана мүлктөрү тууралуу маалыматты берүү болуп эсептелет.

Бирдиктүү салык декларациясын Кыргызстандын аймагындагы юридикалык тараптар жыл сайын 1-апрелге чейин, жеке жарандар 1-майга чейин милдеттүү түрдө тапшырат.(KbA/ZKo)

Дагы караңыз

ЖКда Орусияда кысымга кабылган мигранттардын көйгөйү айтылдыАба ырайы: жаан, кар жаайтОрусия чет элдиктерге убактылуу жашоого уруксат берүү квотасын кыскарттыАкылбек Жапаров ШКУнун дүйнөлүк экономикадагы үлүшү 25% жеткенин айттыФутбол: Кыргызстанга үмүт берген үч упай