Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:14

Акылбек Жапаров ШКУнун дүйнөлүк экономикадагы үлүшү 25% жеткенин айтты


Акылбек Жапаров Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйынында.
Акылбек Жапаров Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйынында.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Пакистандын борбору Исламабад шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйынында уюмдун дүйнөлүк экономикадагы үлүшү болжол менен 25% жеткенин айтты.

Ал 2009-жылдан бери ШКУга мүчө-мамлекеттердин жалпы ички дүң өнүмү (ИДӨ) эки эседен ашык өскөнүн, өз ара инвестициянын көлөмү дээрлик төрт эсе көбөйгөнүн билдирди. Акылбек Жапаров уюмдун өнүктүрүү банкын жана фондун түзүү маселелерин тез арада чечүү зарылчыл экенин кошумчалады.

15-октябрда Исламабадга жети өлкөнүн өкмөт башчылары, Пакистандын көп жылдан берки атаандашы - Индиянын тышкы иштер министри жана Ирандын биринчи вице-президенти чогулду. Алар коопсуздук, аймактагы кызматташтык, соода жана финансылык алакаларды талкуулашты.

Коопсуздук маселелеринен улам калаада үч күн дем алуу деп жарыяланды. Мектептер, ишканалар жабык, көчөлөрдү полиция жана аскердик бөлүктөр кайтарууда.

2001-жылы Москванын демилгеси менне түптөлгөн ШКУга Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан, Пакистан, Индия, Иран жана Беларус кирет. (BTo)

XS
SM
MD
LG