Төө-Ашууда 1000ге жакын автоунаа жол тыгында калды

Төө-Ашуу ашуу.

Бишкек – Ош автожолунун 129-132-чакырымдарында - Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап, жол тайгак болгондуктан жол тыгыны пайда болду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматы боюнча ашууда 1000ге жакын машине токтоп турат. Министрлик оор жүк ташыган автоунаалар жолго жайкы дөңгөлөк менен чыгып алгандыктан жол тыгыны пайда болгонун билдирди.

Жеринде Өзгөчө кырдаалдар министринин 63 куткаруучусу, 13 техника иштеп жатат. Абалды жөнгө салыш үчүн ыкчам штаб уюштурулуп, “Сосновка” жана “Арал” пунктарында жылынуучу жайлар ачылды.

ӨКМ буга чейин аба ырайы кескин өзгөрүп, нөшөрлүү жаан, тоолуу аймактарда кар жаай турганын эскерткен. Министрлик адамдарды зарылчылык болбосо жолго чыкпай турууга чакырды. Ошондой эле автоунаанын дөңгөлөгүн кышкыга алмаштырып, күрөк, чынжыр, тамак-аш жана дары-дармек алууну сунуштады. (BTo)

Дагы караңыз

Футбол: Кыргызстан Түндүк Кореяны 1:0 эсебинде уттуКыргызстанга кайткан мигранттардын саны 85% көбөйдү15-октябрь: Британ тышкы иштер министри 11 журналисттин иши боюнча маселе көтөрдүКазакстанда башпаанек ала албаган каракалпак активисттери АКШга учуп кеттиБатыш Молдовага маанилүү шайлоо алдында колдоо көргөзүүдөМуфтият ажылык зыяратка бара тургандардын кийимине сынак жарыяладыӨзбекстанда 27-октябрда электрондук добуш берүү сыноодон өткөрүлөтСогушка каршы сүрөт тарткан кыздын атасы Москалев абактан чыктыКатуу кайтарылган Исламабадда ШКУнун саммити башталдыАрстанбаптагы сел боюнча кызмат адамдарына иш козголду