Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:49

15-октябрь: Британ тышкы иштер министри 11 журналисттин иши боюнча маселе көтөрдү


Жээнбек Кулубаев жана Дэвид Лэмми
Жээнбек Кулубаев жана Дэвид Лэмми

15-октябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Британ тышкы иштер министри Дэвид Лэмми 11 журналисттин иши боюнча маселе көтөрдү

Британдардын башкы дипломаты 15-октябрда кыргызстандык кызматташы Жээнбек Кулубаев менен телефондон сүйлөшкөндө Кыргызстанда журналисттерге каршы чыккан сот өкүмү боюнча маселени көтөрдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы билдирди. Кулубаев журналисттерге чечимди бийликтин көз карандысыз бутагы болгон сот органы кабыл алганын айткан. Буга чейин АКШ менен Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиликтери журналисттерге чыккан өкүмгө тынчсыздануусун билдирген. Бишкектин Ленин райондук соту 10-октябрда Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызын алты жылга, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кести. “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаровго жана Temirov Live редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеевага үч жылдан пробациялык жаза берилди. Эки журналист сот залынан бошотулган. Калган жети журналист акталган. 11 журналистке Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси – “Массалык башаламандыктар” менен айып тагылган.

Маданият министрлиги фейк аккаунттарды аныктай албайт

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев министрлик Кыргызстанда социалдык тармактардагы фейк аккаунттарды аныктап, таба албай турганын билдирди. “Фейк аккаунттарды табууга Маданият министрлигинин такыр мүмкүнчүлүгү жок. Бул азыр дүйнөдөгү чоң маселелердин бири”, - деди ал. Кыргызстанда 2021-жылы “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү” мыйзам кабыл алынган. Жарандык коом, бир катар эл аралык уюмдар бул документ эркин маалымат каражаттарына каршы иштеген мыйзам экенин, сөз эркиндигине коркунуч жаратарын билдирип келет. “Фейктер жөнүндө” деген атка конгон мыйзам кабыл алынгандан бери сынга кабылууда. Айрымдар ал азыркы мазмунунда фейктерге эмес, эркин медиага каршы иштеп жатканын айтып келет.

Депутат коррупциядан кайтарылган акчанын дайынын сурады

Жогорку Кеңештин депутаты, “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Исхак Масалиев коррупция боюнча козголгон кылмыш иштеринде мамлекетке 3 млрд сом зыян келтирилген деген маалыматты териштирди. “Тенгиз Бөлтүрүктүн иши боюнча эле 1 млрд сомго бузуулар болгон. Ошол бюджеттин акчасы кайтарылдыбы? Ким жооп берет буга? Кылмыш иши аягына чейин жеттиби? Тергөө учурунда бүткөн да, ээ?” - деди Масалиев. Депутаттын суроосуна жооп берген ички иштер министринин орун басары Адылбек Бийбосунов парламент комитетинин жыйынына республикалык бюджетти талкуулоо үчүн келгенин, ошондуктан бул суроо боюнча маалыматы жоктугун айтты.

Арстанбапта болгон сел боюнча кызмат адамдарына иш козголду

Башкы прокуратура Жалал-Абад облусунун Арстанбап айылында ушул жылдын июль айында болгон селге байланыштуу Базар-Коргон шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын, Арстанбап айыл өкмөтүнүн жана “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Базар-Коргон филиалынын кызмат адамдарына Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирди. Аларга мыйзамсыз аракети менен мамлекетке жана жеке жактарга 24 миллион сомдон ашык зыян келтирген деген айып тагылууда. Кызмат адамдарынын аты-жөнү ачык айтылган жок. Арстанбап айылында 23-июлда катуу сел жүрүп, 23 машинени агызып кеткен. Андан тышкары үйлөрдү, имараттарды, көпүрөлөрдү суу каптаган.

Бишкек шаарына 22-октябрда жылуулук берилет

Бишкек шаарына 22-октябрда жылуулук бериле баштайт. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинин 15-октябрдагы жыйынында айтты. Бишкек жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) 2024-2025-жылдын күз-кыш мезгилине 1 млн тонна көмүр, 110 679 млн куб газ жана 8 000 тонна мазут керектелери айтылган. Министр ушул тапта ЖЭБдин кампаларында 200 миң тонна көмүр бар экенин билдирди. Министрлер кабинети быйыл Бишкек жылуулук электр борборун (ЖЭБ) Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп берген.

Кыргызстанга кайткан мигранттардын саны 85% көбөйдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Эл аралык миграция уюму менен чогуу жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгына ылайык, 2020-жылдан тартып чет жактарда жүргөн кыргызстандык мигранттардын мекенине жапырт кайта баштаган. 2023-жылы көрсөткүч кескин көбөйүп, мурунку жылдарга салыштырмалуу кайтып келген мигранттардын саны 85% өскөн. Алардын басымдуу бөлүгү Баткен, Ош жана Чүй облустарынын тургундары.
Маалыматта кайтып келген өлкөгө кайра миграцияга кеткен жарандардын саны эки эсеге азайган. Сурамжылоого катышкандардын 16% кайсы өлкөгө кетүүнү аныктай албай жатканын билдиришкен. Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директорунун орун басары Бакыт Кадыров 10-июнда Орусияда 411 миңден ашык кыргызстандык мигрант бар экенин айткан. 2022-жылы бул сан 587 миң болгон.

Израил Ливандын чыгышына сокку урду

Рейтер агенттиги медициналык кызматкерлерге таянып кабарлагандай, алдыңкы күнү кеминде 21 киши каза тапты. Өткөн жекшембиде Иран колдогон “Хезболла” тобунун дрон чабуулунан израилдик төрт аскер окко учуп, 60 чактысы жарадар болгондон кийин Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху согушкерлерге каршы күрөштү уланта турганын билдирди. АКШ “Хезболланы” террордук уюм деп тааныган, ал эми Евробиримдик анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун “кара тизмеге” киргизген. Ливан парламентинде “Хезболланын” саясий партиясынын депутаттары бар. Ливандын расмий Улуттук кабар агенттигинин маалыматында, шейшембиде Бекаа өрөөнүнүн чыгыш тарабына абадан сокку урулганда Баалбек шаарындагы оорукананын иши үзгүлтүккө учурады.

Президент Владимир Зеленский Пхеньян Орусияга курал, аскерлерди жөнөтүүдө деп билдирди

14-октябрдын кечиндеги видео кайрылуусунда Зеленский атайын кызматтардын жетекчилеринин докладдарында ушундай баа берилгенин белгиледи. Жекшембиде украин мамлекет башчысы Пхеньян Орусияны курал-жарак менен эле камсыздабастан, аскерлерин да жөнөтүп жатышы мүмкүн деп айткан. Буга чейин мындай божомолун Түштүк Кореянын коргоо министри ортого салып, түндүк кореялык аскерлер арасында жоготуулар бар деген ыктымалдык жогору экенин билдирген. Washington Post гезити расмий адамдарга шилтеме менен Пхеньян жөнөткөн баллистикалык ракеталарды башкарууга жардам берүү максатында Орусияга жана Украинанын убактылуу оккупацияланган облустарына түндүк кореялык адистер жиберилгенин жазган. Бирок түндүк кореялык аскерлер украин аймагындагы согуштук аракеттерге катышып жатат дегендин далилдери азырынча жок.

Украина: Журналисттик иликтөөдөн кийин теракт тууралуу каттар тарады

Украинада дүйшөмбүдө жүздөгөн мектеп, ишкана, элчилик, маалымат каражаттары теракт коркунучу тууралуу электрондук кат алгандан кийин көптөгөн мамлекеттик мекемелерде иштегендер эвакуацияланды.Бийлик окуу жайларды, мейманкана, чет өлкөлүк өкүлчүлүктөрдү, редакцияларды, анын ичинде “Азаттыктын” украин кызматы жайгашкан имаратты текшерип чыкты. Украин Тышкы иштер министрлиги маалымдагандай, чет жактардагы 60 миссиянын кеңселерине да теракт коркунучу тууралуу эскертүү келген. Өзүн “террордук уюмдун” өкүлү деп атаган киши кол койгон каттарда “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун украин редакциясынын ("Схемы" долбоорунун) журналисттери Ирина Сисак менен Валерия Егошинанын, кабарчы Юлия Химериктин аттары аталган. Эскертүүнү жөнөткөндөр теракттарды даярдап жатканы үчүн күнөөнү ошол журналисттерге жүктөшүүдө. Жакында сөз болгон журналисттер орусиялык атайын кызмат украиналык аскерлердин машиналарын өрттөө үчүн жергиликтүү кишилерди кантип жалдаганын иликтеген.

Алматынын соту акимчиликке кол салуу үчүн айыпталган тогуз кишинин өкүмүн өзгөрттү

15-октябрда Алматы шаарынын кылмыш иштери боюнча коллегиясы 2022-жылкы Январь окуялары маалында жергиликтүү акимчиликке жана президенттик резиденцияга кол салуу үчүн айыпталган 11 кишинин арызын четке кагып, прокурордун өтүнүчүн жарым-жартылай канааттандырды. Акжол Жандарбеков аттуу бир кишинин жазасы катаалдашып, 8 жылга эркинен ажыратылды. Дагы 8 айыпталуучу 1 жыл 8 айга кесилди, экөөнүн 1 жыл 9 ай деген абак мөөнөтү өзгөрүүсүз калды. 25-сентябрдагы сотто адвокаттар өкүмдөрдү жумшартууну жана айыпталуучуларды шарттуу кесүүнү сураган. Бул иш боюнча сот жараяны бир жыл мурда башталган.

XS
SM
MD
LG