Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:17

Муфтият ажылык зыяратка бара тургандардын кийимине сынак жарыялады


2023-жылы ажылыкка баргандардын кемсели. Иллюстрациялык сүрөт.
2023-жылы ажылыкка баргандардын кемсели. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы 2025-жылдагы ажылыкка барчулар үчүн жайкы кемсел тигүүчүлөргө сынак жарыялады. Бул тууралуу муфтияттын сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, сынакка катышуучулар 25-октябрга чейин тиешелүү документтерин тапшыруусу керек. 14-ноябрда боло турган сынакка катышууну каалагандар экономикалык кылмыштар боюнча мурда соттолгон болбоого тийиш.

Кыргызстан мусулмандар Дин башкармалыгы ажылыкка барууну ниет кылган адамдар баштапкы 2000 доллар жана кайтарымсыз 1200 сомду “Элдик банкка” (мурдагы РСК Банк) төгүп, квота толгонун билдирген.

Сауд Арабиясынын Ажылык жана умра министрлиги 2025-жылдагы ажылык үчүн Кыргызстанга 6 миң квота бөлгөн. Бул өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги ажылык сапарга бара тургандарга бир катар медициналык талаптарды койгон.

Ага ылайык, гемодиализ алып жаткандар, кычкылтек бет кабын колдонууну талап кылган өнөкөт өпкө оорусу барлар, боор циррозуна, химиотерапия алып жаткан рак оорусу барларга ажылыкка барууга уруксат берилбейт. Тизмеге кургак учук сыяктуу жугуштуу ооруларга кабылгандар, өз алдынча кыймылдай албагандар да кошулган.

2024-жылдагы ажылык сапар үчүн Кыргызстанга 6060 квота бөлүнгөн. Ажылыкка баруунун акысы 3750 АКШ доллары деп бекитилген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG