Бишкек шаарына 22-октябрда жылуулук берилет

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарына 22-октябрда жылуулук бериле баштайт. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинин 15-октябрдагы жыйынында айтты.

Бишкек жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) 2024-2025-жылдын күз-кыш мезгилине 1 млн тонна көмүр, 110 679 млн куб газ жана 8 000 тонна мазут керектелери айтылган. Министр ушул тапта ЖЭБдин кампаларында 200 миң тонна көмүр бар экенин билдирди.

Министрлер кабинети быйыл Бишкек жылуулук электр борборун (ЖЭБ) Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп берген. (BTo)

Дагы караңыз

Украина: Николаевде орус армиясынын соккусунан бир аял каза тапты2025-жылы Ооган согушунун ардагерлеринин кенемтеси көбөйбөйтИзраил Ливандын чыгышына сокку урдуДепутат коррупциядан мамлекетке кайтарылган акчанын дайынына кызыктыЖурналисттерди колдоо боюнча “#ЧындыкҮчүн6Жыл” марафону башталдыТайчабаров Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчиси кызматынан алынды