Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:25

Депутат коррупциядан мамлекетке кайтарылган акчанын дайынына кызыкты


Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

Жогорку Кеңештин депутаты, "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Исхак Масалиев коррупция боюнча козголгон кылмыш иштеринде мамлекетке 3 млрд сом зыян келтирилген деген маалыматты териштирди.

Масалиев бул тууралуу Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 15-октябрдагы жыйынында 2025-жылга караганда аталган сумманын канчасы мамлекетке төгүлгөнүн тактап сурады.

"Тенгиз Бөлтүрүктүн иши боюнча эле 1 млрд сомго бузуулар болгон. Ошол бюджеттин акчасы кайтарылдыбы? Ким жооп берет буга? Кылмыш иши аягына чейин жеттиби? Тергөө учурунда бүткөн да, ээ?", - деди Масалиев.

Депутаттын суроосуна жооп берген ички иштер министринин орун басары Адылбек Бийбосунов парламент комитетинин жыйынына республикалык бюджетти талкуулоо үчүн келгенин, ошондуктан бул суроо боюнча маалыматы жоктугун айтты.

Масалиев өз суроосуна жоопту тиешелүү мекемелер Жогорку Кеңештин жалпы отурумуна даярдап, алып келишин талап кылды. Ошондой эле мамлекетке келтирилген каржылык зыянды кайтарган же кайтарууга тийиш болгон ишкерлердин тизмесин да берүүнү өтүндү.

Былтыр, 21-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту “Кумтөрдөгү” миллиондогон сомдук коррупцияга айыпталган ишкананын мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктү күнөөлүү деп таап, 800 миң сом айып пул салган. Сот чечими менен Бөлтүрүктү үй камагына алган бөгөт чарасы жокко чыгарылып, анын банк эсептери камактан бошотулган.


Башкы прокуратура 2022-жылы “Кумтөр” ишканасындагы коррупциялык иштерден бюджетке 1 млрд 146 млн сом зыян келтирилгенин кабарлап, компаниянын мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктү, жабдуу боюнча мурдагы адиси Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиеваны, каржы башкармалыгынын ошол кездеги директору Рыспек Токтогуловду, ишкананын мурдагы аткаруучу директору Канат Курмановду кармаган.

Мекеме май айында 844 млн 512 858 сом Тенгиз Бөлтүрүк жана аны менен бирге кармалган айыпкерлерден өндүрүлүп, мамлекеттин казынасына кайтарылганын билдирген. Бирок ким канча каражат төккөнү ачыкталган эмес.

Эсеп палатасы 2023-жылы “Кумтөр Голд" компаниясы 2021-жылдын май айынан 2022-жылдын июнь айына чейин эбегейсиз каражаттарды майнапсыз короткону аныкталганын жарыялаган. Анда "Кумтөр Голд Компани" ишканасы “Улуу көчмөндөр мурасы” холдингине 2022-жылдын алты айында 32 долбоорду ишке ашыруу үчүн 1 млн 908 миң доллар жумшаганы кабарланган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG