Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:24

Украина: Николаевде орус армиясынын соккусунан бир аял каза тапты


Николаев шаары түнкү соккудан кийин. Украина, 15-октябрь 2024-жыл
Николаев шаары түнкү соккудан кийин. Украина, 15-октябрь 2024-жыл

Орус аскерлери шейшембиге караган түнү Украинанын Николаев шаарына ракета менен чабуул койгондо бир аял каза тапты, 16сы жараат алды. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдирди. Облус администрациясынын башчысы Виталий Ким телеграм-каналына жазгандай, жарадар болгон бир нече кишинин абалы оор деп бааланууда. Андан тышкары инфраструктуралык жай, ресторан комплекси, соода күркөлөрү, турак үйлөр жана автомашиналар зыян тартты. Ким соккудан тутанган өрттөрдү өчүрүү аракети көрүлүп жатканын кошумчалады.

Ал эми Николаев шаарынын мэри Александр Сенкевич жарылуулар сиренелар жаңырганга чейин болгонун билдирди. Жергиликтүү маалымат каражаттары жети чакты жарылуунун добушу угулганын жазышты.

Жергиликтүү бийлик өткөн түнү Николаев облусунда орусиялык үч дрон атып түшүрүлгөнүн маалымдады.

Түн ичинде Одесса, Винница, Кировоград жана башка облустар да чабуулдарга туш болду.

Согуш башталгандан бери Орусия, далилдерге карабай, Украинанын жарандык жайларын, карапайым адамдарды бутага алып, бирок муну танууда.

XS
SM
MD
LG