Аба ырайы: Айрым аймактарда жаан карга айланат

15-17-октябрь күндөрү Кыргызстанда аба ырайы туруксуз болуп, көпчүлүк аймактарда жаан жаайт, тоолуу райондордо карга айланат. Абанын температурасы кескин төмөндөп, кээ бир өрөөндөрдө түнкүсүн -3...-5 градуска чейин муздайт. Үшүк жүрөт.

16-октябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланат. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 18-23 метрге чейин жетет.


Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 3…8;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз 1…6;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 6…11, күндүз 9…14;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 6…11;

Нарын облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 4…9.

Бишкек шаарында жаан жаап, карга айланышы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 9-14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 2…4°, күндүз 5…7° жылуу болот.

Дагы караңыз

Украина: Николаевде орус армиясынын соккусунан бир аял каза тапты2025-жылы Ооган согушунун ардагерлеринин кенемтеси көбөйбөйтИзраил Ливандын чыгышына сокку урдуДепутат коррупциядан мамлекетке кайтарылган акчанын дайынына кызыктыЖурналисттерди колдоо боюнча “#ЧындыкҮчүн6Жыл” марафону башталды