2025-жылы бир катар министрликтердин бюджеттери көбөйөт

Жогорку Кеңеш. Иллюстрациялык сүрөт.

2025-жылы бир катар министрликтердин, Борбордук шайлоо комиссиясынын бюджети түрдүү чыгашаларга байланыштуу көбөйтүлөт.

Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Алмаз Бакетаев Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 15-октябрдагы жыйынында 2025-жылга мамлекеттик бюджеттин долбоору каралып жатканда депутат Бакыт Сыдыковдун суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Депутат келерки жылдын бюджетинде айрым министрликтердин бюджети эки эседен көп көбөйтүлгөнүн белгилеп, себебине кызыкты.

"Саламаттык сактоо министрлигинин бюджети 8 млрд сомго чейин көбөйүптүр? Эмнеге? Айыл чарба министрлигинин бюджети 6.5 млрд сомдон 14 млрд сомго чейин көбөйүп жатат. Бул эмне?", - деген суроо койду Сыдыков.

Министр Бакетаевдин жообуна караганда, Саламаттык сактоо министрлигинин бюджети медицина кызматкерлеринин айлык акылары көтөрүлгөнүнө байланыштуу көбөйтүлгөнүн, ал эми Айыл чарба министрлигине ирригациялык системаны жакшыртуу үчүн 1,8 млрд сом киргизилген. Мындан тышкары техникаларын жаңыртуу зарылчылыгы бардыгын кошумчалады министр.

Жогорку Кеңештин тармактык комитеттери 14-октябрдан тарта "2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" мыйзам долбоорун карашууда.(ZKo)

Дагы караңыз

2025-жылы Ооган согушунун ардагерлеринин кенемтеси көбөйбөйтИзраил Ливандын чыгышына сокку урдуДепутат коррупциядан мамлекетке кайтарылган акчанын дайынына кызыктыӨзбекстандан шыпаа издеген тажик бейтаптарыЖурналисттерди колдоо боюнча “#ЧындыкҮчүн6Жыл” марафону башталды