2025-жылы Ооган согушунун ардагерлеринин кенемтеси көбөйбөйт

Иллюстрациялык сүрөт.

Финансы министри Алмаз Бакетаев Кыргызстандагы Ооган согушунун ардагерлерине берилүүчү кенемтенин суммасы келерки жылы көтөрүлбөй турганын айтты.

Министр бул тууралуу Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 15-октябрдагы жыйынында 2025-жылга мамлекеттик бюджеттин долбоору каралып жатканда депутат Улукбек Ормоновдун суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Бакетаев 2025-жылы укук коргоо органдарынын ардагерлеринин пенсиясын көтөрүү маселеси биринчи кезекте турганын белгилеп, ооган ардагерлеринин маселеси кийинки жолу караларын айтты.

Улукбек Ормонов Кыргызстанжа 5 миңге чамалуу гана ооганчы ардагер калганын белгилеп, алардын кенемтесин көбөйтүү үчүн 20 млн сом зарылдыгын айтып кетти.

"Ооганчы ардагерлерге берилүүчү кенемтени көбөйтүп бергиле деп сурандык эле. Алар 15 жыл мурда коюлган сумманы алып келип жатышат. Андан бери бардыгы кымбаттады. Бизде Ата мекендик согуштун ардагерлери дээрлик калган жок. Болгону 20 млн сом тууралуу сөз болуп жатат. Депутаттардын ар бирине ушул боюнча каттар келип жатат", - деди Ормонов.


Кыргызстанда Ооган согушунун ардагерлерине акчалай кенемте төлөнүп берилет. Согушта майып болгон ардагерлер айына 7 миң сом, согуштун катышуучулары 6 миң сом, ал эми Ооган согушунда өлгөндөрдүн жесирлерине 1 миң сом төлөнүп берилет.

1979-89-жылдары Ооганстанда "интернационалдык кызмат өтөөгө" 7 миң 141 кыргызстандык жоокер чакырылган. Анын ичинен 249 жоокер ооган жергесинде курман болуп, 504ү жараат алган. Төртөө бүгүнкү күнгө чейин дайынсыз. Согуштун кесепетинен нерв жана жүрөк ооруларына чалдыккан миңге чукул ооганчы кайтыш болгон. (ZKo)

Дагы караңыз

Израил Ливандын чыгышына сокку урдуДепутат коррупциядан мамлекетке кайтарылган акчанын дайынына кызыктыӨзбекстандан шыпаа издеген тажик бейтаптарыЖурналисттерди колдоо боюнча “#ЧындыкҮчүн6Жыл” марафону башталды