Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Тегеран үчүн өз жарандарын потенциалдуу соккулардан коргоодо "кызыл чийин болбостугун" билдирди.
"Соңку күндөрү биздин аймактагы кеңири масштабдуу согушту болтурбоо үчүн зор аракет көргөнүбүзгө карабай, өз элибизди жана кызыкчылыгыбызды коргоодо эч кандай "кызыл чийин" болбостугун так айта алам",-деп жазды Аракчи 13-октябрда X социалдык түйүнүнө.
The US has been delivering record amount of arms to Israel. It is now also putting lives of its troops at risk by deploying them to operate US missile systems in Israel.While we have made tremendous efforts in recent days to contain an all-out war in our region, I say it… pic.twitter.com/wX16CnhT1A
— Seyed Abbas Araghchi (@araghchi) October 13, 2024
Ал жакында эле Al Jazeera телеканалына курган маегинде Иран "согушу каалабастыгын", бирок андан "коркпостугун" билдирген. Ошол эле маалда Аракчи кошумчалагандай, Иран "кандай гана болбосун сценарийге даяр".
13-октябрда дипломат Ирактын баш калаасы Багдадга барып, ал жактын жетекчилиги менен Газадагы жана Ливандагы согушту талкуулаганын Ирандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Буга чейин ал Катар менен Сауд Арабиясында болду. Эми Оманга барары күтүлүүдө.
Ушул күндөрү Израил Ирандын 1-октябрдагы ракеталык чабуулу үчүн Тегеранга жооп кайтарары күтүлүп жатат.
Вашинтондун эсебинде Израил бутага алчу жайлардын тизмесин кыскартып, аскердик жана энергетикалык эле инфратүзүмдөрдү калтырды. Бул тууралуу NBC телеканалы 12-октябрда атын атабаган АКШ бийлигинин расмий өкүлдөрүнө таянып кабарлады.
Израил Ирандын өзөктүк жайларын бутага алары тууралуу эч кандай белгилер жок деп айтылат NBCнин билдирүүсүндө. Ошол эле маалда Израил качан жооп кайтарары боюнча соңку чечим кабыл ала электиги белгиленет.
Дагы караңыз
Нетаньяху БУУну Ливандагы бейпилдик күчтөрүн чыгарып кетүүгө чакырдыПакистанда ШКУнун саммитинин алдында коопсуздук күчөтүлдүТашиев шайлоого бараткан ар бир талапкерди текшерүүнү тапшырдыУкраина 70тей дрондун теңине жакыны атып түшүрүлгөнүн билдирди