Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:28

Пакистанда ШКУнун саммитинин алдында коопсуздук күчөтүлдү


Исламабадда токтобой жаткан мурдагы өкмөт башчы Имран Хандын тарапташтарынын митингинде коопсуздук сактоо үчүн тизилген коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрү. 6-октябрь, 2024-жыл. Пакистан.
Исламабадда токтобой жаткан мурдагы өкмөт башчы Имран Хандын тарапташтарынын митингинде коопсуздук сактоо үчүн тизилген коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрү. 6-октябрь, 2024-жыл. Пакистан.

Пакистандын бийлиги баш калаада 15-16-октябрь күндөрү өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин утурлай Исламбадды жабууну көздөп жатышат.

Жогорку даражалуу коноктордун арасында Индиянын тышкы иштер министри Субраманьям Жайшанкар, Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин, Кытайдын өкмөт башчысы Ли Цян да болору күтүлүүдө. Алардын арасында Кыргызстандын министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров дагы бар.

Өкмөт башчылардын деңгээлинде өтө турган жыйындын алдында Пакистан бийлиги баш калаада митинг-пикеттерди өткөрүүнү чектеген жаңы мыйзамдарды кабыл алды. Андан тышкары ушул ай башында Исламбадда жүрүш өткөрүүнү көздөгөн мурдагы премьер-министр, учурда түрмөдө отурган Имран Хандын жүздөгөн тарапташтарын камакка алган.

Коррупцияга байланыштуу бир катар айып боюнча камалган Хан азыркы тапта жаза мөөнөтүн Исламабадда күчөтүлгөн тартиптеги түрмөдө өтөөдө. Өзү жана тарапкерлери ага тагылган айыптарды бийликтин саясий максаттагы куугунтугу деп атап келишет.

Хан 71 жашта, ал Пакистан өкмөтүн 2018-2022-жылдары башкарган.

XS
SM
MD
LG