Жо Байден 18-октябрда Берлинге барары күтүлүүдө

Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден. 4-октябрь, 2024-жыл. Вашингтон.

Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден 18-октябрда Берлинге барары күтүлүүдө. Бул тууралуу немис өкмөтүндөгү булактарга таянып Reuters агенттиги жазды.

Маалым болгондой, Байден өткөн жумага пландалган сапарын АКШны каптаган "Милтон" бороонунан улам жылдырган.

Буга чейин Spiegel журналы Байден Германиянын канцлери Олаф Шольц жана президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен жолугарын кабарлаган. Лидерлер Украинадагы жана Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдарды талкуулашат.

Ошону менен катар Байдендин сапары расмий эмес мүнөздө болот. Өткөн жумада ал Германияга келбей калышына байланыштуу Украинага жардам көрсөткөн мамлекеттердин "Рамштайн" форматындагы жыйыны да үзгүлтүккө учураган.

Ал жыйынга Украинанын президенти Владимир Зеленский да катышмак. Жыйын болбой калгандыктан ал бир катар Европа мамлекеттерин кыдырып, өнөктөштөрдөн кошумча каржылык жана аскердик жардам көрсөтүүнү суранды.

Дагы караңыз

Пакистанда ШКУнун саммитинин алдында коопсуздук күчөтүлдүЧет өлкөлөрдө оор абалда калган 22 кыргызстандык мекенине кайтарылды ЖМК: Крымдагы Феодосия портундагы мунай кампа толугу менен күйүп кетти Ташиев шайлоого бараткан ар бир талапкерди текшерүүнү тапшырды