Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:14

ЖМК: Крымдагы Феодосия портундагы мунай кампа толугу менен күйүп кетти


Феодосиядагы мунай базасында өрт 7-октябрга караган түнү тутанган.
Феодосиядагы мунай базасында өрт 7-октябрга караган түнү тутанган.

Украиналык "КиберБорошно" долбоору аннексияланган Крымдагы Феодосия портундагы мунай кампасынын спутниктен тартылган сүрөттөрүн жарыялады. Анын негизинде аналитиктердин ырасташынча, өрттө 12 резервуар жабыркап, сегизи толугу менен күйүп кеткен. Ошондой эле порттогу имарат дагы толук өрттөнгөн жана анын жанындагы аймактардан миңден ашык адам эвакуацияланган.

Феодосиядагы мунай базасында өрт 7-октябрга караган түнү тутанган жана беш күндөн кийин гана өчүрүлгөн. Украинанын куралдуу кучтөрү бул жайга дрондор менен чабуул жасалганын билдирген.

Феодосия мунайды кайра жүктөө терминалы көлөмү жагынан Крымдагы эң чоң терминал. Крым.Реалии басылмасынын ырасташынча, жарым аралда эки гана мындай терминал бар, экинчиси Севастополдо жайгашкан.


Украинанын Куралдуу күчтөрү 12-октябрда Луганск облусунун оккупацияланган бөлүгүндөгү мунай кампасына сокку урулганын кабарлаган. Билдирүүдө бул базада "Орусиянын армиясы да керектеген" кара май, мунай өнүмдөрү сакталып келгени, бул жайда өрт тутанганы жазылган. Анын алдында Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ровеньки шаарында май куюлган жайда өрт чыкканы, ал өчүрүлгөнүн маалымдаган.

XS
SM
MD
LG