Пакистан: ШКУнун саммитин утурлай коопсуздук чаралары күчөтүлдү

Исламабадда токтобой жаткан мурдагы өкмөт башчы Имран Хандын тарапташтарынын митингинде тизилген коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрү. 6-октябрь, 2024-жыл. Пакистан.

Пакистандын бийлиги баш калаада 15-16-октябрь күндөрү өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитин утурлай Исламабаддагы жолдорду жабууну көздөп жатат.

Жогорку даражалуу коноктордун арасында Индиянын тышкы иштер министри Субраманьям Жайшанкар, Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин, Кытайдын өкмөт башчысы Ли Цян да болору күтүлүүдө. Исламабадга Кыргызстандын министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров да барат.

Өкмөт башчылардын деңгээлинде өтө турган жыйындын алдында Пакистан бийлиги баш калаада митинг-пикеттерди өткөрүүнү чектеген жаңы мыйзам кабыл алды. Андан тышкары ушул ай башында Исламбадда жүрүш өткөрүүнү көздөгөн мурдагы премьер-министр, учурда түрмөдө отурган Имран Хандын жүздөгөн тарапташтары камакка алынды.

Коррупцияга байланыштуу бир катар айып боюнча камалган Хан азыркы тапта жаза мөөнөтүн Исламабадда күчөтүлгөн тартиптеги түрмөдө өтөөдө. Ал өзү жана тарапкерлери ага тагылган айыптарды "бийликтин саясий куугунтугу" деп атап келишет.

Хан 71 жашта, ал Пакистан өкмөтүн 2018-2022-жылдары башкарган.

Дагы караңыз

Чет өлкөлөрдө оор абалда калган 22 кыргызстандык мекенине кайтарылды ЖМК: Крымдагы Феодосия портундагы мунай кампа толугу менен күйүп кетти Киев туткун жоокерлеринин өлтүрүлгөнү тууралуу БУУга кайрылды