Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:13

Киев туткун жоокерлеринин өлтүрүлгөнү тууралуу БУУга кайрылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Киев Орусия туткунга алган тогуз украиналык жоокерди атып өлтүргөнүнө байланыштуу Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) менен Кызыл чырым уюмуна кайрылды. Бул тууралуу өлкөнүн акыйкатчысы Дмитрий Лубинец билдирди. Ал туткундардын өлтүрүлүшү Женева конвенциясын олуттуу бузуу болорун айтты жана мындай аракеттер жазасыз калбашы керектигин, душман толук жоопкерчиликкке тартылышы зарылдыгын билдирди.

Мунун алдында айрым басылмалар Курск облусунда колгон түшкөн украиналык жоокерлерди Орусия атып өлтүргөнүн жазып чыгышкан. Маалыматтарга караганда, окуя 10-октябрда болгон.

Москва мындай дооматтарга азырынча комментарий бере элек.

Колго түшкөн туткундардын өлтүрүлүшү тууралуу Киев менен Москва бири-бирин күнөөлөп келет.

Ушул жылдын башында Украинада орусиялык аскерлер туткундарды өлтүргөн деген 50дөн ашык кылмыш иликтенип жатканы маалымдалган.

Былтыр мартта БУУнун Адам укуктары комиссарлыгы мындай 40тай учур катталганын жарыялаган. Анын 25 учурунда орусиялык аскерлер өлтүрүлсө, 15инде украин жоокерлери атылганын жарыялаган.

Согуш туткундарын өлтүрүүгө эки өлкөдө тең мыйзам менен тыюу салынган жана эл аралык укукта аскердик кылмыш деп эсептелет.

XS
SM
MD
LG