Украина 70тей дрондун теңине жакыны атып түшүрүлгөнүн билдирди

Иллюстрациялык сүрөт.

Украинага жекшембиге караган түнү Орусиянын армиясы дрондор менен чабуул жасаганын, 68 учкучсуз аппараттын теңине жакыны атып түшүрүлгөнүн билдирди. Ошондой эле "Искандер-М" үлгүсүндөгү эки баллистикалык ракета учуралганын кабарлады.

Киев шаарында айгай системасы жаңырып, 10 мүнөттөй иштегенден кийин өчүрүлдү. Бийлик өкүлдөрү шаарды көздөй дрондор учурулганын, жок кылынганын кабарлады.

Орусиянын Коргоо министрлиги өз кезегинде 13 украиналык дрон жок кылынганын билдирди. Ага ылайык, мындай аппараттар Белгород, Курск, Брянск облустарында атып түшүрүлгөн. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн билдиришинче, жабыркагандар, кыйроолор болгон жок.

Согуш маалында бул маалыматтарды көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Согуш башталгандан бери Орусия Украинаны Иранда жасалган дрондор менен чабуул жасап келет. Тегеран адатта Москвага курал бергенин четке кагып, бул жаңжалда бейтараптуулукту карманарын айтат.

Дагы караңыз

Ташиев шайлоого бараткан ар бир талапкерди текшерүүнү тапшырдыБатыш медиалары Навальныйдын мемуарынын үзүндүсүн жарыялады Өзгөн районунда очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө болдуЛейлек районунда "Кайрагач" чек ара тозоту пайдаланууга берилди Зеленский украиналыктарга Жеңиш планын жакында тааныштырат