Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:17

Батыш медиалары Навальныйдын мемуарынын үзүндүсүн жарыялады


Алексей Навальный быйыл 16-февралда абакта каза болгон.
Алексей Навальный быйыл 16-февралда абакта каза болгон.

Бир катар дүйнөлүк басылмалар абакта мерт болгон орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдвн мемуарынын үзүндүлөрүн жарыялады. Эскерүү китеби сатыкка 22-октябрда 26 тилде, анын ичинде орус тилинде сатыкка чыгат.

Навальныйдын жубайы Юлия күйөөсү бул китепти 2020-жылы ал ууландырылгандан кийин жаза баштаганын билдирген. Калган бөлүгүн ал Орусияга кайтып келип, камакка алынгандан кийин түрмөдө отурганда жазган.

Мемуардын Der Spiegel басылмасы жарыялаган бөлүгүндө Навальныйдын абакта отурган алгачкы айлары сүрөттөлөт.

The New Yorker журналы орусиялык саясатчынын сүрөтүн башкы бетке жарыялаган жана анда Навальный өзүн космоско кетип, качан кайтып келерин билбеген космонавтка салыштырган жери берилген.

Кремлдин, орус президенти Владимир Путиндин келишкис сынчысы катары таанылган, "Коррупцияга каршы фонд" түзгөн, 19 жылга кесилип, соңку үч жылдан бери Ямалдагы түрмөдө кармалып келген Алексей Навальный быйыл 16-февралда каза болгон.

Жакындары ал киши колдуу болду деп эсептешет. Орусиянын Жаза аткаруу кызматы саясатчы өзү каза болгонун билдирген. Бирок диагнозу алигүнчө ачык айтыла элек.

XS
SM
MD
LG