Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:25

Өзгөн районунда очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусунун Өзгөн районунда 13-октябрда саат 08.25те очогунда күчү төрт баллга жеткен жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Чымбай, Бакмал, Мырза-Аке, Куршаб, Кароол, Шералы айылдарында жана Өзгөн шаарында 3 балл, Мырза-Арык айылында 3,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалыматтарга караганда жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.

Быйыл жыл башынан бери Бишкекте, Чүйдө, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында бир нече жолу күчү 3-4 баллды түзгөн жер силкинүү катталган.

Кытайдын аймагында 23-январга караган түнү күчү 8 баллга жеткен жер титирөө болуп, анын толкуну Казакстанда жана Кыргызстанда да катуу сезилген.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги силкинүү Жети-Өгүз районунун “Кумтөр” ишканасынын аймагында 6 балл, Каракол шаарында, Тоң районунун Кажы-Сай айылында 4,5 балл, Нарын шаарында 4 балл, Бишкек шаарында 3 баллга жеткенин, кыйроолор жана жапа чеккендер жок экенин кабарлаган.

XS
SM
MD
LG