Өзгөн районунда очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусунун Өзгөн районунда 13-октябрда саат 08.25те очогунда күчү төрт баллга жеткен жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Чымбай, Бакмал, Мырза-Аке, Куршаб, Кароол, Шералы айылдарында жана Өзгөн шаарында 3 балл, Мырза-Арык айылында 3,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалыматтарга караганда жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.

Быйыл жыл башынан бери Бишкекте, Чүйдө, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында бир нече жолу күчү 3-4 баллды түзгөн жер силкинүү катталган.

Кытайдын аймагында 23-январга караган түнү күчү 8 баллга жеткен жер титирөө болуп, анын толкуну Казакстанда жана Кыргызстанда да катуу сезилген.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги силкинүү Жети-Өгүз районунун “Кумтөр” ишканасынын аймагында 6 балл, Каракол шаарында, Тоң районунун Кажы-Сай айылында 4,5 балл, Нарын шаарында 4 балл, Бишкек шаарында 3 баллга жеткенин, кыйроолор жана жапа чеккендер жок экенин кабарлаган.

Дагы караңыз

Батыш медиалары Навальныйдын мемуарынын үзүндүсүн жарыялады Ташиев шайлоого бараткан ар бир талапкерди текшерүүнү тапшырдыЛейлек районунда "Кайрагач" чек ара тозоту пайдаланууга берилди Зеленский украиналыктарга Жеңиш планын жакында тааныштыратЛиванда Израилдин чабуулунда бейпилдик күчтөрүнүн эки өкүлү жараат алды ӨКМ Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулоо токтобой жатканын билдирди Камбар-Ата-1 ГЭСи: донордук комитеттин алгачкы жолугушуусу өттүАшыкча жүгү бар машиналарга тогуз айда 86 млн сом айып пул салындыКара-Суу: селден жабыркагандар жардам жөнүндө Ташиевге даттанышты