Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:25

Кара-Суу: селден жабыркагандар жардам жөнүндө Ташиевге даттанышты


Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы (УКМК) Камчыбек Ташиев Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда быйылкы селден жабыркаган тургундарга жардам маселеси чечилерин айтты. Ал 11-октябрда Мады айылында эл менен жолугушууда келерки аптада чечип берүүнү убада кылды.

"Өкмөттөн берилчү жардам аягына чейин чыкпай калган экен. Мен азыр губернатор менен сүйлөштүм. Кийинки аптада чечип беребиз. Үч-төрт күн, ашып кетсе беш-алты күн сабыр кылып туруңуздар. Ал маселени 100% өзүм көзөмөлдөп, чечип берем",-деди Ташиев.

Министрлер кабинети жардамдын кечигип жатканы тууралуу түшүндүрмө бере элек.

Кыргызстанда быйылкы жаз-жай айлары жаанчыл болуп, дээрлик бардык аймакта, анын ичинде Ош облусунда катуу сел жүрдү.

Расмий маалыматка ылайык, өлкөдө жалпысынан 250дөн ашык сел кырсыгы катталды анда 17 адам набыт болду, арасында он чактьсы жашы жете элек балдар.

Селде бир катар турак үйлөр жабыркап, топон суу жолдорду. көпүрөлөрдү жууп кеткен. Өкмөт жабыркаган тургундарга зыяны эсептелип чыккандан кийин кенемте берилерин билдирген. Селдин чыгымы болжол менен 173 миллион сомго жакын деп болжолдонгон.

XS
SM
MD
LG