Футбол: Кыргызстан Катарга 1:3 эсебинде утулду

Футбол боюнча Кыргызстан менен Катардын улуттук курама командаларынын беттеши.

10-октябрда Доха шаарында Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын 3-раундунда Катар менен ойноп 1:3 эсебинде утулду.

Кыргызстан Футбол боюнча Дүйнө чемпионатына Азия чөлкөмүнөн 3-раунддагы тандоо оюндарында А тобуна Иран, Катар, Өзбекстан, Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) жана Түндүк Корея менен бөлүнгөн.

Ушул тапта жетиден упай топтогон Өзбекстан менен Иран тайпада биринчи жана экинчи орунда, төрттөн упай чогулткан Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) менен Катар үчүнчү, төртүнчү орунда турат. Түндүк Корея эки упай менен бешинчи катарга жазылса, Кыргызстан азырынча бир да упай ала элек.

5-сентябрда Кыргызстан Иранга 0:1, 10-сентябрда Өзбекстанга 2:3 эсебинде утулган. Эми 15-октябрда Бишкекте Түндүк Корея менен, 14-ноябрда Бириккен Араб Эмиратында, 19-ноябрда Бишкекте Иран менен ойнойт. Андан кийинки оюндар 2025-жылдын март айынан баштап уланат.

2026-жылы АКШ, Мексика жана Канадада өтө турган Дүйнө чемпионатына биринчи жолу 48 курама команда катышат. Бул жолу Азия чөлкөмүнөн Дүйнө чемпионатына катышууга сегиз командага мүмкүнчүлүк берилген.

3-раунддагы тандоо оюндарына Азия чөлкөмүнөн 18 курама алтыдан үч тайпага бөлүндү. Оюндар үйдө жана конокто өтүп, тайпада биринчи жана экинчи орунду ээлеген командалар түз эле Дүйнө чемпионатына жолдомо алат. Ал эми үчүнчү жана төртүнчү орунду ээлеген алты команда төртүнчү баскычта ич ара эки тайпага бөлүнүп ойноп, уткан эки команда чемпионатка жолдомону камсыздайт.

5-сентябрда башталган 3-раунддагы тандоо оюндары, 2025-жылдын июнь айында аяктайт. 4-5-раунддагы тандоо оюндары 2025-жылдын ноябрь айына чейин созулат.

Тайпалардын тизмеси:

  • A тайпасы: Иран, Катар, Өзбекстан, Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ), Кыргызстан, Түндүк Корея.
  • В тайпасы: Түштүк Корея, Ирак, Иордания, Оман, Палестина, Кувейт.
  • С тайпасы: Жапония, Австралия, Сауд Арабиясы, Бахрейн, Кытай, Индонезия.

Азия чөлкөмүнөн Дүйнө чемпионатына такай катышып келген курамалар - Түштүк Корея (он бир жолу), Жапония (жети жолу), Австралия, Иран, Сауд Арабия (алты жолу), Түндүк Корея (эки ирет), Индонезия, Кувейт, Ирак, Бириккен Араб Эмираттары, Кытай жана Катар (бир ирет). (BTo)

Дагы караңыз

Урсула фон дер Ляйен Молдованын орду Евробиримдикте экенин айттыТалибдердин Ташкенттеги элчиси ишке кириштиПрокуратура Алайда мөңгүлөрдүн талкаланышы боюнча иш козгодуДүйшөмбүдө орус-тажик кызматташтыгы талкуулануудаАсел Ногойбаевага Москвада операция жасалатАдабият боюнча Нобел сыйлыгы жазуучу Хан Ганга ыйгарылды"Кыргызалтын" алтын куймаларын сатуудан 3 млн сом түшкөнүн билдирди