Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:22

Адабият боюнча Нобел сыйлыгы жазуучу Хан Ганга ыйгарылды


Хан Ган.
Хан Ган.

Адабият боюнча Нобел сыйлыгынын быйылкы жылдагы лауреаты деп Түштүк Кореянын жазуучусу Хан Ган аталды. Сыйлык анын «тарыхый травмаларга каршы күрөшкөн жана адам өмүрүнүн морттугун ачкан күчтүү поэтикалык прозасы үчүн» ыйгарылганын Нобел комитети бүгүн 10-октябрда жарыялады.

«Хан Ган өзүнүн чыгармачылыгында тарыхый травмаларга жана көзгө көрүнбөгөн эрежелерге каршы туруп, ар бир чыгармасында адам жашоосу канчалык алсыз экенин ачып берет. Ал дене менен жандын, тирүү менен өлүктүн байланышын уникалдуу баамдап, өзүнүн поэтикалык жана тажрыйбалык стили менен азыркы прозада новаторго айланды», - деп айтылды комитеттин маалыматында.

Сеул Искусство институтунун окутуучусу Хан Ган 54 жашта, ал Нобел сыйлыгына татыган алгачкы түштүккореялык жазуучу болду, 2016-жылы англис тилине которулган эң биринчи романы үчүн эл аралык Букер сыйлыгын алган.

Былтыр адабият сыйлыгы норвегиялык автор Юн Фессеге "сөз менен айтып жеткирилгис нерселерди угуза алган новатордук пьесалары жана прозасы" үчүн берилген.

9-октябрда Нобелдин химия боюнча сыйлыгы быйыл АКШдан Дэвид Бейкерге жана Улуу Британиядан Демис Хассабис менен Дон Жамперге белоктун компьютердик дизайнын ойлоп тапканы жана белоктун түзүлүшүн жасалма интеллекттин жардамы менен изилдеп чыкса болорун далилдей алганы үчүн ыйгарылды.

8-октябрда Нобелдин физика боюнча сыйлыгы америкалык окумуштуу Жон Хопфилдге жана канадалык изилдөөчү Жеффри Хинтонго техниканы жасалма нейротүйүндүн жардамы менен үйрөтүү жана башкаруу жаатындагы ачылыштары жана ойлоп табуулары үчүн тапшырылды.

7-октябрда Нобелдин физиология жана медицина боюнча сыйлыгын микроРНКны ачып, изилдей алган америкалык окумуштуулар Виктор Эмброс жана Гэри Равкан алганы белгилүү болгон.

Нобел сыйлыгына татыгандарга алтын медал, диплом жана 11 миллион швед крону өлчөмүндөгү (быйыл бул сумма 1,1 миллион долларга барабар) акчалай сыйлык тапшырылат. (RK)

XS
SM
MD
LG