Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:13

Дүйшөмбүдө орус-тажик кызматташтыгы талкууланууда


Валентина Матвиенко жана тажик парламентинин жогорку палатасынын төрагасы Рустам Эмомали.
Валентина Матвиенко жана тажик парламентинин жогорку палатасынын төрагасы Рустам Эмомали.

Тажикстанда бүгүн 10-октябрда Орусия менен парламент аралык кызматташтыкты талкуулаган форум башталды. «Азаттыктын» тажик кызматы иш-чарага катышуу үчүн борбор калаа Дүйшөмбүгө Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко жана башка бир катар жетекчилер барганын жазды.

Форумда эки өлкө ортосундагы орчундуу маселе – Орусиядагы тажик мигранттарынын абалы, орусиялык саясатчылардын соңку билдирүүлөрү талкууланабы же жокпу, расмий айтыла элек.

Быйыл 26-сентябрда Мамлекеттик Думада Тажикстанда шыктуу балдарды окутуу боюнча эл аралык билим берүү борборун куруу тууралуу долбоор талкууланып жатканда депутат Михаил Матвеев Тажикстандагы орус-тажик мектептеринде тажик элинин тарыхын окуткан китептердин мазмунун сындаган. Ал китептерде Тажикстан орус империясынын карамагына кирген мезгил «басып алуу», «оккупация» жана «колонизация» деп аталганын туура эмес деп атаган, «Орусиянын акчасы Орусияга каршы пропагандага колдонулуп жатканын» айткан.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаментинин башчысы Шохин Самади 7-октябрда ага жооп кылып, социалдык түйүндөргө билдирүү жарыялаган. Ал орус депутатынын мындай сөздөрү «Тажикстан менен Орусиянын союздаш жана стратегиялык өнөктөш мамилесине зыян келтирерин» белгилеген.

Тажикстан Орусия анын негизги өнөктөшү экенин дайым айтып, эл аралык жана аймактык демилгелерин колдоп келет. Орусиянын чет жактагы эң ири аскердик базасы тажик жергесинде жайгашкан.

Жыл сайын жүз миңдеген тажик жараны эмгек миграциясына Орусияга агылат. Бирок байыл Москвада "Крокус Сити Холлдо" кеминде 145 кишинин өмүрүн алган куралдуу чабуулдан кийин Орусияда мигранттарга, биринчи кезекте тажик жарандарына каршы маанай күчөгөн. Кылмышка шектүүлөрдүн көбү тажик тектүү жарандар экени аныкталган. Тажикстандыктарга каршы рейддер уюштурулуп, көбү Орусиянын аймагынан топ-тобу менен чыгарылып, ал жакка учуп баргандары аэропорттон кайра мекенине кайтарылып жатканы кабарланган. (RK)

XS
SM
MD
LG