Аба ырайы: жаан жаайт

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 11-октябрда Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 15…20,

Талас жергесинде түнкүсүн 4…9, күндүз 14…19,

Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 4…9, күндүз 16…21,

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…8 градус болот.

Бишкекте күндүз жаан жаайт. Абанын түнкү температурасы 10…12°, күндүзгү температурасы 17…19° болот.

Дагы караңыз

Израил "Хезболлага" каршы соккусу уланганын, дагы бир маанилүү мүчөсү жок кылынганын айттыАсел Ногойбаевага Москвада операция жасалатУкраинада ракета соккусунан жети кишинин өмүрү кыйылдыАКШга студенттик визанын мөөнөтүн беш жылга узартуу сунушталдыМиң-Кушта “Как” жана “Талды-Булактан” уран калдыктары ташылып бүттүНобелдин химия боюнча сыйлыгы белокту изилдеген окумуштууларга ыйгарылдыАрдагер балбан Изабеков Дүйнө чемпионатында күмүш медал алдыСот жети журналистти актап, экөөнө пробациялык жаза берди