Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:16

Миң-Кушта “Как” жана “Талды-Булактан” уран калдыктары ташылып бүттү


Жумгал районунун Миң-Куш айылы.
Жумгал районунун Миң-Куш айылы.

Орусиянын “Росатом” ишканасы Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Миң-Куш айылындагы “Как” жана “Талды-Булак” уран калдыктары сакталган жайдан уулуу калдыктарды башка жерге ташуу иштерин бүтүрдү. Ошондой эле “Туюк-Суу” уран калдыктары сакталган жайда да иштер соңуна чыгып калганы кабарланды.

Бул тууралуу “Росатомдун” башкы директорунун орун басары Николай Спасский Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Миң-Куш айылына иш сапары менен барганда айтканын министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

“Росатом” ишканасы Миң-Куш айылында “Туюк-Суудагы” уран калдыктарын “Дальнее” сактоо жайына ташуу иштерин 2023-жылы август айында баштаган.

2013-жылы уран казып алуу өнөр жайында жабыр тарткан аймактарды рекультивация кылуу боюнча Орусия, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандын ортосунда келишим түзүлүп, бул программанын координатору жана ишке ашыруучусу болуп орусиялык “Росатом” мамлекеттик корпорациясы дайындалган.

“Росатом” программанын алкагында өлкөдөгү “Кажы-Сай”, “Туюк-Суу”, “Миң-Куш” жана башка уран калдыктары сакталган жайлардан радиоактивдүү топуракты ташып, рекультивациялоо иштерин жүргүзө баштаган.

Быйыл июнь жана сентябрь айларында “Туюк-Суудан” уран калдыктарын ташып бараткан оор жүк ташыган автоунаалар кырсыкка кабылып, коомчулулуктун тынчсыздануусун жараткан. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги кырсык болгон аймакта радиациялык абал туруктуу экенин билдирген. (BTo)

XS
SM
MD
LG