Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:16

Ардагер балбан Изабеков Дүйнө чемпионатында күмүш медал алды


Чынарбек Изабеков.
Чынарбек Изабеков.

Кыргызстандык ардагер балбан Чынарбек Изабеков Хорватиянын Пореч шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпионатында күмүш медал тагынды.

Дүйнөлүк күрөш уюмунун расмий сайтындагы маалыматка ылайык, Чынарбек Изабеков 9-октябрда эркин күрөштөн 51 жаштан 55 жашка чейинкилер арасында (D категориясы) 100 килограмм салмакта күч сынашып, төрт беттеш өткөрдү. Алгач монголиялык Гантулга Болоожду 4:0, чейрек финалда израилдик Дмитрий Эйделманды 11:0, жарым финалда эстониялык Игорс Самуссоноксту 3:2 эсебинде утту. Финалда бейтарап статуста чыккан Александр Руминге жеңилип (0:2), күмүш медал алды.

Чынарбек Изабеков ушуну менен эркин күрөш боюнча ардагерлер арасында Дүйнө чемпионатына тогузунчу жолу катышты. Төрт жолу Дүйнө чемпиону болуп, үч жолу күмүш, эки жолу коло медал утту.

Ал кыз-келиндер күрөшү боюнча Азиянын жана Дүйнөнүн чемпиону, Олимп оюндарынын күмүш, коло байгелеринин ээси Мээрим Жуманазарованын жеке машыктыруучусу.

8-октябрда башталган Күрөш боюнча ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпионаты (эркин күрөш, грек-рим күрөшү) 13-октябрга чейин уланат. Ага 35 жаштан 60 куракка чейинки ардагер балбандар катышып, жаш курагына жараша беш дивизиондо таймашууда. Ар бир дивизиондо алтыдан салмакта таймаштар өтүп жатат. Алдыда эркин күрөштөн А дивизионунда жана грек-рим күрөшүнөн таймаштар бар. (ECh)

XS
SM
MD
LG