Сот Махабат Тажибек кызынын уулун камкордукка алуу маселесин чечүүнү тапшырды

Махабат Тажибек кызы жана аны менен чогуу отурган журналисттер сот залында. 10-октябрь. 2024-жыл

Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Кылычбек Истамкулов 10-октябрдагы жараянда он бир журналисттин иши боюнча өкүм окуп жатып, Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси жана негиздөөчүсү Махабат Тажибек кызы менен Болот Темировдун жашы жете элек баласын комкордукка алуу маселесин чечүүнү Социалдык өнүктүрүү башкармалыгына тапшырды.

"Тажибек кызы Махабаттын жашы жете элек баласы Темиров Азат Болотовичти тууган-туушкандарына же башка адамдарга камкордукка же көзөмөлгө берүү жөнүндө маселени чечүү алар жашаган жери боюнча Социалдык өнүктүрүү башкармалыгына милдеттендирилсин".

10-октябрда Бишкектин Ленин райондук соту “Айт, айт десе” жана Temirov Live долбоорлорунун, “Арча Медиа” жана “ПолитКлиника” басылмасынын 11 кызматкерине өкүм чыгарды.

Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренеси - “Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү” жана 278-беренеси – “Массалык башаламандыктар” беренеси күнөөлүү деп табылып, алты жылга эркинен ажыратылды.

Ушул эле беренелер менен айып тагылган “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков беш жылга абакка кесилди.

“Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров жана Temirov Live редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеева да ушул эле айыптар боюнча күнөөлүү деп табылып, үч жылдан пробациялык жаза берилди. Алар сот залынан бошотулду, калган журналисттер акталды.

Кармалган күндөн тартып Махабат Тажибек кызы, Азамат Ишенбеков, Актилек Капаров, Айке Бейшекеева камакта болчу. Калган жетөө апрелде үй камагына чыккан.

Махабат Тажибек кызы 33 жашта. "Темиров LIVE” редакциясынын негиздөөчүсү, Кыргызстандан чыгарылган журналист Болот Темировдун жубайы. Алардын ортосунда 12 жаштагы уулу бар.

Буга чейин Темиров уулунун туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн 16-январь күнү Бишкекте жашаган жубайын кармоо учурундагы тинтүүдө милиция кызматкерлери алып кеткенин, жубайына баласын "балдар үйүнө өткөрүп саларын" айтып коркутканын маалымдаган. Кийин уулунун күбөлүгүн милиция кызматкерлери таенесине кайтарып бергенин жазган. (КЕ)

Дагы караңыз

Сот жети журналистти актап, экөөнө пробациялык жаза берди11 журналисттин иши: Сот Тажибек кызын алты жылга, Ишенбековду беш жылга кести Сот 11 журналисттин экөөнү абакка кесип, жети кишини актадыДепутат Ормонов Армениядан ташылган автоунаалар маселесин көтөрдү