Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:21

Сот 11 журналисттин экөөнү абакка кесип, жети кишини актады


Иш козголгон 11 журналист. "Азаттыктын" коллажы.
Иш козголгон 11 журналист. "Азаттыктын" коллажы.

10-октябрда Бишкектин Ленин райондук соту “Айт, айт десе” жана Temirov Live долбоорлорунун, “Арча Медиа” жана “ПолитКлиника” басылмасынын 11 журналистине өкүм чыгарды.

Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренеси - “Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү” жана 278-беренеси – “Массалык башаламандыктар” беренеси күнөөлүү деп табылып, алты жылга эркинен ажыратылды.

Ушул эле беренелер менен айып тагылган “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков беш жылга абакка кесилди.

“Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров жана Temirov Live редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеева да ушул эле айыптар боюнча күнөөлүү деп табылып, аларга үч жылдан пробациялык жаза берилди. Эки журналист сот залынан бошотулду.

Temirov Live редакциясынын кызматкерлери Максат Тажибек уулу, Акыл Орозбеков, Жумабек Турдалиев, “Нур пресс” медиасынын журналисти Жоодар Бузумов, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Сапарбек Акунбеков, “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасы) иштеген Сайпидин Султаналиев жана “ПолитКлиниканын” журналисти Тыныстан Асыпбеков акталды.

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) Temirov Live медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

Ички иштер минисрлиги (ИИМ) “Айт, айт десе” жана Temirov Live баракчаларындагы материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Иш козголгон журналисттер коюлган айыпты четке кагышкан. (TSh/BTo)

XS
SM
MD
LG