Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:14

11 журналисттин иши: Сот Тажибек кызын алты жылга, Ишенбековду беш жылга кести


Махабат Тажибек кызы жана Азамат Ишенбеков
Махабат Тажибек кызы жана Азамат Ишенбеков

Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренеси - “Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү” жана 278-беренеси – “Массалык башаламандыктар” беренеси күнөөлүү деп табылып, алты жылга эркинен ажыратылды.

Ушул эле беренелер менен айып тагылган “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековго беш жыл берилди.

10-октябрда Бишкектин Ленин райондук соту “Айт, айт десе” жана Temirov Live долбоорлорунун, “Арча Медиа” жана “ПолитКлиника” басылмасынын 11 журналистине өкүм чыгарды.

“Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров жана Temirov Live редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеева да ушул эле айыптар боюнча күнөөлүү деп табылып, аларга үч жылдан пробациялык жаза берилди, сот залынан бошотулду.

Temirov Live редакциясынын кызматкерлери Максат Тажибек уулу, Акыл Орозбеков, Жумабек Турдалиев, “Нур пресс” медиасынын журналисти Жоодар Бузумов, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Сапарбек Акунбеков, “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасы) иштеген Сайпидин Султаналиев жана “ПолитКлиниканын” журналисти Тыныстан Асыпбековдун аракетинде кылмыштын курамы жок деген негизде актоо чечими чыкты.

Кармалгандан тартып Махабат Тажибек кызы, Азамат Ишенбеков, Актилек Капаров, Айке Бейшекеева камакта болчу. Калган жетөө апрелде үй камагына чыккан.

Ички иштер минисрлиги (ИИМ) “Айт, айт десе” жана Temirov Live баракчаларындагы материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген. Журналисттер коюлган айыпты четке кагышкан.

Махабат Тажибек кызы 33 жашта. Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылында туулган. Алты бир туугандын улуусу. Орто мектепти аяктагандан кийин Бишкектеги юридикалык коллежде окуган. “Айт, айт десе” жана "Темиров LIVE” долбоорлорунун директору болгон. "Темиров LIVE” редакциясынын негиздөөчүсү, Кыргызстандан чыгарылган журналист Болот Темировдун жубайы. 12 жаштагы уулу бар.

27 жаштагы Азамат Ишенбеков социалдык тармактарда акын катары таанылган. Ал “Айт, айт десе” каналында коомдогу көйгөйлөрдү, саясий жүрүштөрдү ырга айланткан видеолорду чыгарып келген. Азамат камалгандан кийин коомчулук аны акын катары тааный турганын, өзүнө коюлган айыпка макул эместигин айткан.

XS
SM
MD
LG