Жогорку Кеңеш Базарбековдун кызматтан кетишине макул болду

Замирбек Базарбеков

Жогорку Кеңеш Замирбек Базарбековдун Жогорку сотунун төрагасы кызматынан бошотуу жана өз каалоосу менен судьялык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө арызын көпчүлүк добуш менен канааттандырды. Базарбеков өзү парламентке келген жок.

Спикер Нурланбек Шакиев Базарбековдун билдирүүсү бар экенин билдирди. Анда ал өз арызы менен кетип жатканына байланыштуу "парламентке келүү максатсыз" экенин айткан.

Базарбеков кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы кечээ, 9-октябрда белгилүү болгон. Анын арызын парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети карап, макул болгон. Төрагалыкка ким сунушталып жатканы азырынча белгисиз.

Ушул эле күнү Судьялар кеңеши Базарбековдун арызын канаттандырып, Жогорку соттун төрагасы кызматынан бошотуу жана судьялык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө сунушту президент Садыр Жапаровго жөнөткөн.

67 жаштагы Замирбек Базарбеков 2022-жылы февраль айында Жогорку соттун төрагасы болуп дайындалган. Ага чейин 2020-жылдын аягында президенттик аппараттын Соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчылыгына дайындалып, 2021-жылы июнь айында Жогорку соттун судьясы кызматына келген.

Замирбек Базарбеков 2016-жылдан кийин азыркы президент Садыр Жапаров оппозицияда жүргөн тушта анын адвокаты болгон. (КЕ)

Дагы караңыз

Кыргыз-өзбек чек арасында "Бек-Абад" бекети убактылуу жабылат11 журналисттин иши: Сот чечим чыгаруу үчүн кеңешүүгө кеттиМосква саясий туткундарды эскерүү акциясын өткөрүүгө тыюу салдыСудьялар кеңеши Базарбековдун кызматтан кетүү тууралуу арызын канааттандырды