Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:20

11 журналисттин иши: Сот чечим чыгаруу үчүн кеңешүүгө кетти


Соту болуп жаткан 11 журналист. "Азаттыктын" коллажы.
Соту болуп жаткан 11 журналист. "Азаттыктын" коллажы.

Бишкектин Ленин райондук сотунда 10-октябрда Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорунун 11 журналистине чечим чыгары күтүлүүдө. Сот башталып, учурда судья Кылычбек Истамкулов кеңешүүгө кетти.

Сотко катышып жаткан кабарчыбыздын маалымдашынча, залга көп журналисттер батпай калды.

3-октябрдагы отурумда айыпталуучулар акыркы сөзүн сүйлөгөн.

Буга чейинки отурумда прокуратура жапырт башаламандыкка айыпталган 11 журналисттин ар бирин алты жылдан абакка кесүүнү сураган. Адвокаттар жана айыпталуучулар прокуратуранын айыптоосун четке кагып, аларды актоону талап кылган.

Эл аралык мунапыс уюму (Amnesty International) Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорунун 11 журналистине күтүлүп жаткан сот өкүмүн утурлай билдирүү таратып, Кыргызстандын бийлигинен алардын баарын актоого чакырды.

Президент Садыр Жапаров 28-сентябрда "Кабар" агенттигине маек куруп, Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин белгилеген. Жапаров: "Ал эми «11 журналист» дегениң боюнча. Алардын экөөсү гана журналист экен го. Калганы 11-класс билими барлар дешти. Аларга тигилер анча-мынча акча төлөп коюп социалдык түйүндөргө олтургузуп алышып жалган маалыматтарды, элди дүрбөлөңгө чакырган жасалма материалдарды тараттырып атышканын кантип танышат", - деген.

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) Temirov Live медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

Ушул тапта төрт журналист - Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков, “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров жана Temirov Live редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеева камакта жатат. Калганы жетөө үй камагына чыккан.

ИИМ “Айт, айт десе” жана Temirov Live баракчаларындагы материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Иш козголгон журналисттер коюлган айыпты четке кагып келишет. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда. (TSh/КЕ)

XS
SM
MD
LG