Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:19

Москва саясий туткундарды эскерүү акциясын өткөрүүгө тыюу салды


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Москванын мэриясы шаардын борборундагы Лубянск аянтында саясий туткундарды эскерүү акциясын өткөрүүгө тыюу салды. Анын себеби "коронавирустун жайылышын" алдын алуу деп көрсөтүлгөнүн "Медиазона" басылмасы "Мемориал" укук коргоо уюмунун өкүлү Александр Поливановго таянып билдирди.

Эскерүү акциясын Соловецкий ташынын жанында өткөрүү пландалган. Бул СССРдеги саясий репрессияларынын курмандыктарына арналган айкел. Эскерүү иш-чарасынын катышуучулары жыл сайын анын жанына чогулуп, репрессияга кабылгандардын ысымдарын окуп келген. Анда 1 миллион 700 миңден ашуун адам камакка алынып, алардын кеминде 750 миңи атылган.

Коронавирус пандемиясы учурунда акция онлайн өтүп келген. Москва бийлиги эскерүү иш-чарасын өткөрүүгө бешинчи жыл катары менен тыюу салып келет.


Орусияда соңку жумада коронавирустун 33,5 миң учуру катталды. Бул март айына караганда бир аз көбүрөөк. Мартта Москвада Крымдын аннексияланышынын он жылдыгы белгиленген.

Орусияда саясий репрессиялардын курмандыктарын эскерүү акциясы 2007-жылдан бери өтүп турган. 30-октябрда өлкөдө Саясий репрессиялардын курмандыктарын эскерүү күнү белгиленет.

XS
SM
MD
LG