Орусияда жана Түркияда Discord мессенжеринин иши бөгөттөлдү

Орусияда Discord сервисинин иштөөсүнө бөгөт коюлду. Роскомнадзор мекемесинин маалыматына караганда, мындай чечим өлкөнүн мыйзамдары бузулуп жаткандыктан кабыл алынды.

Мамлекеттик Думанын маалыматтык саясат комитетинин мүчөсү Антон Немкин РИА "Новости" агенттигине курган маегинде аталган мессенжердин чектелишин "башка да чет өлкөлүк IT компаниялар үчүн белги болушу керек" экенин айтты.

Сервис Орусияда жакшы иштебей жатканын анын колдонуучулары сентябрь айынын ортосунда айта баштап, айрымдар VPN аркылуу ачып колдонуп жүрүшкөн.

Андан мурдараак Роскомнадзор сервистин администрациясынан мыйзамга каршы келет деп эсептеген 947 материалды өчүрүүнү талап кылган. Мекеме ал материалдардын арасында балдар порнографиясы, экстремизмге, жаш балдарды мыйзамсыз иштерге, өз жанын кыюуга азгырган чакырыктар, ЛГБТга жана маңзатка үгүт бар экенин билдирген.

Discord – алгач компьютердик оюндарга кызыккандардын ич ара жазышып туруусу үчүн түзүлгөн мессенжер. Өткөн айда аталган сервиске 3,5 миллион рублдик айыппул салынган.

1-октябрда Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) Discord аркылуу өспүрүмдөрдү зомбулукка түрткөн деген шек менен 39 "украиначыл радикал" кармалганын маалымдаган.

"Свобода" радиосу белгилегендей, бул сервисти Орусиянын Украинада согушуп жүргөн аскер кызматкерлери да колдончу. Ошондуктан согушту чагылдырган орусиялык Телеграм-каналдар бийликтин мындай чечимин сындап жатышат.

Discord месенжерин бөгөттөө чечими Түркияда да кабыл алынганы белгилүү болду. Өлкөнүн Юстиция министри Йылмаз Тунчтун айтымында, бул сервистин "балдарга карата сексуалдык зомбулукка тиешеси бар" деген шек жаралып, соттун чечими менен бөгөттөлдү.

Reuters жазгандай, түрк бийлигинин мындай кадамга барышына эки аялды 19 жаштагы бала өлтүргөн кылмышты аталган сервистин айрым колдонуучулары жактаган окуя себеп болду. (RK)

Дагы караңыз

Жогорку соттун төрагасы Базарбеков кызматтан кетүү тууралуу арыз жаздыКыргызстандан Орусияга экспорт азайды. Себеби эмнеде? БУУ: Ливанда соңку эки аптада 1,5 миңдей киши каза болдуАнестезиолог балдар ооруканасынан ири өлчөмдө "Морфин", "Промедол" уурдоого шектелип жатат