Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:18

БУУ: Ливанда соңку эки аптада 1,5 миңдей киши каза болду


Антониу Гутерриш.
Антониу Гутерриш.

Ливанда бир жылда Израилдин чабуулдарынан 2 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылды, алардын 1,5 миңге жакыны соңку эки аптада каза болгондор. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антониу Гутерриш билдирди.

Нью-Йоркто, БУУнун кеңсесинде Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу пресс-конференцияда ал Газада жана Ливанда күн сайын адам өмүрүн үзүп жаткан кармаштарды тез арада токтотууга чакырды. Башкы катчынын айтымында, Ливанда, анын борбор калаасы Бейрутта израилдик аскерлердин масштабдуу чабуулдарынан каза болгондор 2006-жылдагы согуштун курмандыктарынан ашты жана Жакынкы Чыгыштагы азыркы кырдаал «жарылып кетчүдөй» болуп турат.

"Жакынкы Чыгыштагы жаңжал ар бир саат сайын оорлоп, биздин «абал курчушу ыктымал» деген кооптонуубуз ишке ашууда. Абадан жасалган ар бир сокку, ар бир ракета тынчтыкка жетишүү мүмкүнчүлүгүн алыстатып жатат, кармаштын чордонунда калган миллиондогон кишинин азабы күчөдү. Ошондуктан биз Газада да, Ливанда да ок атышууну чукул арада токтотуу, барымтадагыларды дароо жана эч кандай шарт койбостон бошотуу чакырыктарыбызды улантабыз», - деди башкы катчы.

Бир жыл мурдагы кандуу кол салуудан жана бир топ жараны барымтага алынгандан кийин Израил Газа секторунда АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган ХАМАСка, “Хезболлага” (Ливандын түштүк аймактарынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөгөн, Иран колдогон жоочулар тобу жана саясий партия) жана Йемендеги хуси козголоңчуларына каршы согушууда. Алар баары Ирандын аймактагы ишенимдүү өкүлдөрү катары саналат.

ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын саламаттык сактоо мекемеси кабарлагандай, согуш жүрүп жаткан бир жылдан бери тилкеде каза тапкандардын саны 42 миңге чамалады. Согушту токтотуу боюнча АКШ, Египет жана Катар өкүлдөрү жүргүзгөн ортомчулук сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыга элек. (RK)

XS
SM
MD
LG