Мэр Жунушалиев инвесторлор Бишкекке метро курууну сунуштаганын билдирди

Бишкектин көчөлөрүнүн бири.

Бишкек мэри Айбек Жунушалиев инвесторлор борборго метро курууну сунуштап жатканын билдирди. Бул тууралуу ал парламенттин 9-октябрдагы жыйынында депутат Элдар Абакировдун суроосуна жооп берип жатып билдирди. Эл өкүлү Бишкек, Ош сыяктуу ири шаарларда калктын саны тез өсүп жатканын, мэриянын метро куруу планы бар-жогун сураган.

"Бизге инвесторлор чыгып жатат. Алар метро куруу боюнча сунуштарын беришет. Эгер шарттары жакшы болсо, карап чыгып, баштаганга даярбыз", - деди ал.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Арсланбек Малиев да Бишкек шаарында жол тыгындарын чечүү үчүн метро куруу керек экенин айтып чыккан.

Борбордо мамлекеттик бийликтин жогорку органдары, чет өлкөлүк мамлекеттердин элчиликтери жайгашкан. Кыргызстандын бардык өнөр жайынын көпчүлүк бөлүгү орун алган. 1 миллиондон ашык калк жашайт.

Акыркы жылдары Бишкекте жол тыгын негизги көйгөйлөрдүн бирине айланды. Адамдар эртели-кеч сааттап жол тыгынында калганына арызданышууда. (КЕ)

Дагы караңыз

Төрөбаев Фрунзе заводу боюнча маселе президенттин көзөмөлүндө экенин айттыУкраина Орусиянын соккусунан дагы үч жайкын тургуну каза болгонун билдирдиДепутат Алтынбеков Базар-Коргондо төрт мектеп иштебей турганын айттыСпикер Шакиев сессияда Нурдан Орунтаевди сынга алды