Бокс боюнча курама Кытайдагы мелдеште алты медал утту

Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Үрүмчү шаарында өтүп жаткан эл аралык мелдеште алты медал утту.

Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады. Алардан Анвар Хожиев (48 кг) жана Санжар Сейдакматов (57 кг) жеңишке жетип, алтын медал тагынды.

Ислам Төрөбаев (57 кг), Мирзахид Имамназаров (63,5 кг), Сагын Сатыбалды уулу (80 кг) жана Бакыт Токтосун уулу (92 кг) коло байгеге ээ болду.

9-октябрда Алмаз Орозбеков 67 кг чейинки салмак ченинде алтын байге үчүн күч сынашат.

Үрүмчүдө 25-сентябрда башталган мелдеш 10-октябрда жыйынтыкталат. (КЕ)

Дагы караңыз

Бишкек мэри жол кирени көтөрүү сунушу боюнча түшүндүрмө бердиБишкектеги мектептерде 50 миң бала ашыкча окуп жататПарламентте өкмөт мүчөлөрүнүн жоопкерчилиги тууралуу маселе көтөрүлдү Журналист Адыл Акжол уулунун камактагы мөөнөтү узартылдыОшто диний окуу жайларга видео камераларды коюу тапшырмасы берилди