Улуттук банк валюта базарына 54 миллион 500 миң доллар сатты

Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук банк 9-октябрда валюта базарына 54 миллион 500 миң доллар сатты. Бул маалымат банктын расмий сайтына жарыяланды.

Ушуну менен өлкөнүн негизги банкы жыл башынан бери 19 ирет интервенция жасап, анын көбүндө долларды сатып алды.

Ушул тапта доллардын расмий курсу 85 сом 6 тыйын болууда. Коммерциялык банктар менен менчик акча алмаштыруу жайларында бир доллар 85 сом 10 тыйындан сатып алынып, 85 сом 60 тыйындан сатылууда.

Интервенция доллардын курсу кескин көтөрүлүп же түшүп кеткенде жасалат. (BTo)

Дагы караңыз

Ошто диний окуу жайларга видео камераларды коюу тапшырмасы берилдиГрузияда түрмөдө отурган азери журналисти ооруканага түштү8-октябрь: Жапаров мигранттардын маселесин көтөрдү, "Хезболланын" командири өлтүрүлгөнү кабарланды Президент Жапаров Москвада мигранттарга байланышкан маселе көтөрдү Орусияда миграция мыйзамы катаалдаганы жумушчу жетишсиз боло баштады