Милдеттүү камсыздандыруу: 2025-жылдан тарта айып пул салына баштайт

Иллюстрациялык сүрөт.

2025-жылдан тарта автоунаасына жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу (ЖЖМК орусчасы - ОСАГО) полисин албаган жеке жактарга үч миң, юридикалык жактарга 13 миң сом айып пул салынат.

Бул туурасында Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясынан "Азаттыкка" билдиришти. Мекеменин директору Элдияр Калдарбековдун айтымында, 1-январдан тарта айдоочулардан ЖЖМК талап кылына баштайт. Анын орточо баасы 2500 сомго барат. Төлөм машиненин түрүнө, айдоочунун жашы менен тажрыйбасына жана ал жол кырсыктарына канчалык көп учураганына жараша айырмаланат.

Калдарбеков мыйзам 2019-жылы эле күчүнө киргенин, бирок аны аткарбагандарга айып пул каралбагандыктан, айдоочулардын көбү автоунаасын камсыздандырбай келгенин белгиледи:

“Айдоочулар “машинени сатып атканда эмнеге полис алыш керек” деп нааразы болуп жатат. Бирок жарандарыбыз 2019-жылдан тарта эле алышы керек болчу. 2025-жылдын 1-январынан тарта мыйзамды аткарбагандарга айып пул салына баштайт”.

Кыргызстанда 1-сентябрдан тартып автоунааны кайра каттоо жана мамлекеттик белгилерин калыбына келтирүүдө жарандардан машина камсыздандыруудан өткөнү тууралуу документ милдеттүү түрдө талап кылына баштады.

Кыргызстанда автоунаага милдеттүү түрдө камсыздандыруу эрежесин киргизүү аракети 2015-жылдан бери ишке ашпай келет. Улам жылдырылып, 2023-жылдын 1-январынан күчүнө кирмек. Өкмөт анын убактысын дагы жылдырып, 2024-жылдын 1-январына калтырган. Былтыр декабрда 2025-жылдын 1-январына чейин жылганы жарыяланган.

Жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу (ЖЖМК) полисин ыйгаруу лицензиясы 13 ишканага берилген.

Бийлик ЖЖМК автокырсыкка кабылып, жабыркаган тарап тарткан зыяндын ордун толтуруу, машине ээлеринин кызыкчылыктарын коргоо үчүн керек экенин кайталап келет. (AiB/KE)

Дагы караңыз

Казакстанда 45 миң гектар талааны өрт каптап, киши өмүрү кыйылдыЖоомарт Карабаев биринчи соттук отурумда коюлган айыпты четке кактыУкраина бир нече аймагында Орусиянын соккусунан адамдар жараат алганын билдирдиБишкек мэриясы накталай жол кирени 40 сомго чейин көтөрүүнү сунуштады