8-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаевдин иши карала баштады. Соттук отурумда прокурор айыптоо актысын окуду. Ал шектүүгө жазуу түрүндө берилбегендиктен кийинки соттук жараян 14-октябрга жылдырылды. Жоомарт Карабаев сот залынан чыгып баратып, коюлган айыптарды четке какты.
“Мен бийликти басып алууга же массалык башаламандыкка чакырык жасаган эмесмин. Мен Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлеринин мыйзамсыз ишин ачыктаганым үчүн куугунтукка кабылдым”, - деди ал.
Ал буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүсү ага басым-кысым кылганын билдирип, абактан президент Садыр Жапаровго кайрылган.
УКМК кызматкерлери Жоомарт Карабаевди 2-июлда кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып коюлганы кабарланган.
Жоомарт Карабаев мурдараак Улуттук илимдер академиясынын адистери кылмыш иштери боюнча экспертизаларды УКМКнын, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлеринин көрсөтмөсү менен жазарын айтып чыккан. Экспертизаны тиешелүү сертификаттары жок кызматкерлер жасай турганын билдирген.
Ал Фейсбукка бийликти сындаган пикирлерин жазып турган. Анын айткандарына атайын кызмат жана башка бийлик органдары комментарий берген эмес. (MKt/BTo)
Дагы караңыз
Украина бир нече аймагында Орусиянын соккусунан адамдар жараат алганын билдирдиБишкек мэриясы накталай жол кирени 40 сомго чейин көтөрүүнү сунуштадыАба ырайы: Оштун тоолуу аймактарында жаан жаайтБеларус активисттери немис депутатынын фермасында иштегени тууралуу маалымат иликтене баштадыЖогорку сот Олжобай Шакирди үч жылдык пробация менен эркиндикке чыгардыОң рулдуу машинени такси катары айдоого тыюу салуу сунушталдыИзраил "Хезболланын" дагы бир командирин жок кылганын жарыялады