Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:13

Беларус активисттери немис депутатынын фермасында иштегени тууралуу маалымат иликтене баштады


Йорг Дорнау.
Йорг Дорнау.

Германияда ашынган оңчул депутат Йорг Дорнау өзүнүн Беларустагы фермасында абактагы адамдарды иштеткени тууралуу тарап жаткан маалыматтар боюнча баштапкы териштирүү башталганы белгилүү болду. Териштирүүнү Саксония аймагынын прокурорлору жүргүзүп жатышат.

Дорнау ашынган оңчул популисттик «Германия үчүн альтернатива» (AfD) партиясынын мүчөсү жана Беларустагы Zybulka-Bel Ltd. айыл чарба өндүрүш ишканасынын ээлеринин бири.

Reform.news беларус сайты жакында маалымат таратып, 2020-жылы бийликтин көрсөтмөсү менен кармалган активисттер тартип жазасы катары Дорнауга таандык ишкананын пияз эгилген талааларында жумушка салынганын кабарлаган.

Партиянын Саксониядагы башкы катчысы Ян Цверг «Иш эми юридикалык жактан таза, фактыларга негизделген шартта иликтене баштаганын кубаттайбыз. Биз Саксониянын көз каранды эмес сот системасына ишенебиз», - деп айтты.

Саксония парламентинин депутаты Керстин Кёдиц өткөн айда «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун суроолоруна жооп берип жатып эгер Дорнау тууралуу айтылган айыптоолор негиздүү деп табылса ал отставкага кетиши керек болорун айткан.

Беларуста 2020-жылы президенттик шайлоо өтүп, жыйынтыгында өлкөнү 1994-жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенко кайрадан жеңүүчү деп жарыяланган. Оппозиция жана көз каранды эмес байкоочулар добуш берүүдө жапырт бурмалоо болгонун айтып чыгышкан. Оппозициялык талапкер Светлана Тихановская өзүн жеңүүчү деп жарыялаган. Өлкөдө башаламандык тутанып, анын баары күч менен басылган, миңдеген киши кармалган. Тихановская кысымга кабылып, мекенинен чыгып кеткен. Батыш өлкөлөрү Лукашенкону Беларустун мыйзамдуу лидери деп тааныбайт.

Президенттик шайлоонун талаштуу жыйынтыктарынан кийин башталган толкундоолордон соң бул өлкөдө журналисттерди, активисттерди кармоо күчөгөн, алардын көбү абакта отурушат, кээ бирлери чет жактарга чыгып кеткен. (RK)

XS
SM
MD
LG