Ош облусунун Ноокат районунун Мирмахмудов айыл аймагындагы медреседе 14 жаштагы бала бычак жеп каза болду. Маалыматты Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы ырастады.
Милициянын маалыматына ылайык, окуя 6-октябрда болгон. Медреседе окуган 16 жаштагы өспүрүм 14 жаштагы баланы учтуу нерсе менен сайып жиберген. Жаракат алган бала аймактык ооруканага жетпей каза тапкан.
Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталып, маркумдун сөөгүнө соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Иликтөө иштери жүрүп жатат.
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы каза болгон бала дем салдыруу үчүн медресеге үч күнгө келгенин, ал диний билим берүү жайында окубаганын билдирди. Окуянын чоо-жайын иликтөө үчүн жумушчу топ түзүлдү.
Шектүү баланын жана каза тапкан баланын жакындары окуя тууралуу комментарий бере элек. (BTo/DSh)
Дагы караңыз
Акылбек Жапаров уюлдук телефондорду каттоодо маселе бар экенин айттыПакистанда кытайлык компаниянын эки кызматкери мерт кетти“Санарип көчмөн” макамы 2 миңден ашуун чет элдик жаранга берилди Израил ХАМАСтын кол салуусунун бир жылдыгын эскерүүдөӨкмөт тамеки алып кирүүгө жарым жыл тыюу салууну сунуштап жатат Президент Жапаров Москвада КМШга мүчө мамлекет башчыларынын жыйынына катышатКазакстанда АЭС курууга макул болгон шайлоочулар 71% түздү