Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:29

Пакистанда кытайлык компаниянын эки кызматкери мерт кетти


Кытай Пакистанда эки жараны каза тапкан окуяны «террордук акт» деп атады. Пакистандын ири шаары Карачиде 6-октябрдын кечинде аэропортко жакын аймакта катуу жарылуу болгон.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүн «Белужи боштондук армиясы» (BLA) деп атаган топ алды.

Кытайдын Пакистандагы элчилигинин билдирүүсүндө айтылгандай, жарылуу кытайлык Port Qasim Electric Power Company Limited компаниясынын кызматкерлери аэропорттон чыгып, автоколонна менен кетип бара жаткан кезде болгон.

Каза тапкан кытайлык эки жаран Пакистанда көмүр менен иштей турган электр станцияларынын курулушунда иштеп жүргөндөр болчу.

«Машаал» радиосу кабарлагандай, бүгүнкү күндө Пакистандын аймагында миңдеген кытайлык иштейт. Алар Кытайдын чет мамлекеттер менен экономикалык байланышын бекемдөөгө арналган, ишке ашырылышына миллиарддаган акча бөлүп жаткан «Бир алкак – бир жол» демилгесинин алкагындагы инфраструктуралык долбоорлорго тартылган жумушчу-кызматкерлер.

Эки ай мурда эл аралык Amnesty International укук коргоо уюму Пакистандын түштүк-батышындагы Белужистан провинциясындагы чыңалган кырдаалга байланыштуу тынчсыздынуусун билдирген. Уюм 31-июлдагы билдирүүсүндө ансыз да тынч эмес бул аймактагы нааразылык акцияларында адам өмүрү кыйылып жатканына камтамасын айтып, өлкө бийлигин «катаал репрессиясын» токтотууга чакырган.

Кытай соңку бир нече жылдан бери Пакистандын батышында, Иран менен чектеш тилкесиндеги Гвадар портунда кытайлык адистер иш жүргүзүүдө. Кытай бул демилгесин Пакистанда ишке ашыруу максатында жалпысынан 65 миллиард доллар инвестиция салган.

Бул аймактагы газ жана көмүр сыяктуу кен байлыктарын жергиликтүү калктын өнүгүүсүнө жумшоо талабы айтылган акциялар уюштурулган. (RK)

XS
SM
MD
LG